Араб лигасынан Мароккого колдоо

Араб лигасы Иран менен дипломатиялык карым  - катнаштарын үзүү чечимин чыгарган Мароккого колдоосун билдирди.

963191
Араб лигасынан Мароккого колдоо

Араб лигасы Иран менен дипломатиялык карым  - катнаштарын үзүү чечимин чыгарган Мароккого колдоосун билдирди. Араб лигасынын катчысы Махмуд Афифи берген жазуу түрүндөгү маалыматында : «Араб лигасы ички иштерине карата коркунучтуу жана кабыл алынгыс кийлигишүүлөрүнөн улам Иран менен дипломатиялык карым  - катнаштарын үзүү чечимин чыгарган Марокконун жанында орун алууда»,- деп билдирди.

Сауд Аравияда өткөрүлгөн Араб лигасы саммитинде Ирандын кийлигишүүлөрү тууралуу чыгарылган чечимдин араптардын бул тууралуу катуу мамилесин ортого салгандыгы белгиленген маалыматта : «Болгон абал араб өлкөлөрүнүн Ирандын ыраатсыздык жана хаос чөйрөсүн жайылтуу максатына каршы үнсүз калбашы керектигин көрсөтүүдө»,- деп билдирилди.

Марокконун тышкы иштер министри Насыр Бурита Хизбуллах уюму менен Полисарио фронтунун ортосундагы карым  - катнаштын өлкөнүн коопсуздугун жана ырааттуулугун коркутууда деген негиз менен мурунку күнү Иран менен дипломатиялык карым  - катнаштардын үзүлгөндүгүн жарыялаган болчу.

Бурита бул тууралуу берген маалыматында Марокконун Ливан борбору болгон Хизбуллах уюму менен Полисарио фронтунун ортосундагы  карым  - катнаштардан улам Ирандын Рабат элчисинин да өлкөдөн чыгып кетүүсүн каалагандыгын белгилеген.

 



Тектеш кабарлар