Иран Пакистанга жаратылыш газ ташыган жолго кошулууну каалайт
Иран энергетика министринин орун басары Хамид Реза Араки Түркмөнстан газын Пакистанга жеткирүүгө даяр экендерин айтты.
Иран Түркмөнстандан Пакистанга жаратылыш газ ташыган жолго кошулууну каалап жатат.
Иран энергетика министринин орун басары жана Улуттук газ фирмасынын аткаруу директору Хамид Реза Араки алмашуу негизин база катары алуу менен Түркмөнстан газын Пакистанга жеткирүүгө даяр экендерин айтты.
Хамид Реза Араки Түркмөнстан - Афганстан – Пакистан - Индия ТАПИ жаратылыш газ түтүк жолу проектисинин ишке ашышынан да шектенишкендерин белгиледи.
Аракинин айтканына караганда Иран түркмөн газын алмашуу жолу менен Пакситанга газ өткөрүү мүмкүн болгон эң кыска убакта баштатылышы мүмкүн.
Ирандык жетекчи : «Аймактагы абалынан улам Иран, тегерегиндеги кайсы бир жаратылыш газ түтүк жолу проектисине кошулушу мүмкүн»,- деди. Андан мурда Иран алмашуу жолу менен Түркмөнстан газын Азербайжанга жеткирген.
Түштүк аймактарында чоң жаратылыш газ запастарына ээ болгон Иран ушуга карабастан 1997 - жылдан бери түндүк аймактары үчүн Түркмөнстандан жаратылыш газ экспорттоп алууда.
Тектеш кабарлар
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.