АКШ Сирияда ДЕАШтын акыркы жерлерине чабуул коюуда

Катчы Науэрт, Сирияда ДЕАШка карай операциялар тууралуу жазуу түрүндө маалымат берди.

962445
АКШ Сирияда ДЕАШтын акыркы жерлерине чабуул коюуда

АКШ Сирияда террор уюму ДЕАШтын көзөмөлүндөгү аймактарга чабуул баштатты.

Мамлекеттик департаментинин басма сөз өкүлү Хизер Науэрт: «ДЕАШтын Сирияда жерди көзөмөлгө алуусунун жана элге террорчулук кылуусунун соңуна жакындап калдык»,-деди.

Катчы Науэрт, Сирияда ДЕАШка карай операциялар тууралуу жазуу түрүндө маалымат берди.

Науэрт анда: «АКШ, Глобалдык коалиция, жергиликтүү шериктештер жана (жикчил террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ЙПГнын негизги элменти болгон) Сирия демкоратиялык күчтөрү (СДК) ДЕАШтын колунда кармаган акыркы аймактарга операциялар баштатылууда» сөзүнө орун берди.

Кагылышуулар татаал өтө турганын белгилеген Науэрт, АКШга коалиция жана жергиликтүү күчтөргө карай кол салуу болгон учурунда бул күчтөрдүн корголо турганын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар