Жер ортолук деңизде баш калкалоочулардын трагедиясы

15 кишинин сөөгү табылып, 19 киши куткарылды.

960994
Жер ортолук деңизде баш калкалоочулардын трагедиясы

Алжирде мыйзамсыз жолдор менен Испанияга барууга аракет кылган африкалык көчмөндөрдөн 15инин сөөгү табылды.

Алжирдин мамлекеттик радиосунун Жээк коопсуздугу командирлигинен алып берген кабарына караганда, жээк коопсуздугун сактоочу топтор деңизде күзөт учурунда резина кайык менен бараткан мыйзамсыз көчмөндөрдүн 15инин сөөгүн таап, 19ун болсо куткарышты.

Жарандык коргонуу топтору, акыркы күндөрдө аймактагы аба шарттарынын себебинен ушундай апааттардын болушу мүмкүн экенин сөз кылышты.

Куткарылган 19 кишинин ооруканага жеткирилгенин жана саламаттык абалдарынын начар экенин билдирген кызматкерлер, деңизде жоголгон 5 кишинин болсо суучулдар тарабынан изделип жатканын айтышты.

Испания макамдары, 2017-жылы мыйзамсыз жолдор менен Европага барууга аракет кылган кеминде 200 кишинин каза болгонун маалымдашты.



Тектеш кабарлар