Йеменде жарандар атылды

Жаңылыш бир жер бутага алынган кол салууда 14 жаран каза болуп, 4 жаран жараланды.

956239
Йеменде жарандар атылды

Йеменде Сауд Аравиянын жол башчылыгындагы коалиция күчтөрү тарабынан жаңылыш бир жер бутага алынган кол салууда 14 жаран каза болуп, 4 жаран жараланды.

Өлкөдө легитимдүү өкмөткө колдоо берген Элдик күрөш күчтөрүнө караштуу басма сөз борборунан берилген маалыматта коалиция күчтөрүнүн Таиздин Мевза районуна караштуу Уррайиш аймагында жасалган жаңылыш кол салууда жарандарды ташыган бир унаанын бутага алынгандыгы жарыяланды.

Абадан кол салуунун Ел – Берах аймагында курулган базардан кайткан жарандарды ташыган унаага карата жасалгандыгы белгиленген маалыматта окуяда 14 кишинин каза болгондугу, 4 кишинин жаралангандыгы билдирилди. Коалиция күчтөрүнөн бул тууралуу азырынча маалымат бериле элек.



Тектеш кабарлар