Орусиянын талабы БУУда четке кагылды
БУУКК Орусиянын талабы боюнча шашылыш чогулду.
Бириккен Улуттар Уюмунун коопсуздук кеңешинде (БУУКК) АКШ, Англия жана Франциянын Сириядагы абадан жүргүзүлгөн операцияларынын айыпталышын Орусиянын талап кылган долбоору кабыл алынган жок.
БУУКК Орусиянын талабы боюнча шашылыш чогулду.
АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли, БУУККтун жыйналышындагы сөзүндө, «Улуу Британия, Франция жана АКШ өч алуу, жазаландыруу же күч көрсөтүү үчүн эмес, Сирия режимин адамзатка каршы кылган мыкаачылыгы үчүн жооп берүүгө жана химиялык куралдардын колдонулушуна бөгөт коюга карай операция жүргүздү»,-деп айтты.
Дипломатия менен көп жолу мүмкүнчүлүк бергендерин белгилеген Хейли: «Сирия режими химиялык курал колдонуусун улантып, бизди кыймыл кылууга мажбурлады»,-деди.
Тектеш кабарлар
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.