Араб парламенттер биримдиги Израилди айыптады
Араб парламенттик биримдиги жана Исламдык улуттук конгресс уюму Палестина калкынын кайра кайтышы менен көз карандысыздык күрөшүн колдогондугун баса белгиледи.
Араб парламенттик биримдиги жана Исламдык улуттук конгресс уюму Израиль аскерлеринин Газа чек арасында митингге чыккан палестиналыктарга карата колдонгон күчтү айыптады. Берилген маалыматтарда Палестина калкынын көз карандысыздык күрөшүнө колдоо берилгендиги баса белгиленди. Араб парламенттик биримдиги жана Исламдык улуттук конгресс уюму Палестина калкынын кайра кайтышы менен көз карандысыздык күрөшүн колдогондугун баса белгиледи.
Палестиналыктар Топурак күнүнүн 42 - жылдыгынын негизинде жума күндөн бери блокада астындагы Газа тилкесинин Израиль чек арасында митингдерди өткөрүшүүдө. Израиль аскерлери болсо «айдалган жерлерине кайра кайтуу жана 2006 – жылдан бери Газага жасалган мыйзамсыз блокаданын жоюлушун» талап кылган жарандарды чыныгы октор менен атууда. Митингдер башталган 30 - март жума күндөн бери 18 палестиналык каза болуп, 1500дөн ашуун палестиналык жараланды.
Тектеш кабарлар
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.