АКШнын командиринин моюнга алуусу

АКШнын Деңиз жөө аскерлеринин командири, армия генералы Роберт Б.Неллер,, АКШнын террор менен күрөшүүнү өзү жалгыз жүргүзүү сапатына ээ эместигин моюнга алды.

942169
АКШнын командиринин моюнга алуусу

АКШ террор уюму ДЕАШ менен күрөшүүдө жетиштүү сапатка ээ болбогонун моюнга алды.

Вашингтондун ДЕАШ менен күрөшүү стратегиясы тууралуу жарыяларын айткан АКШнын Деңиз жөө аскерлеринин командири, армия генералы Роберт Б.Неллер, АКШнын террор менен күрөшүүнү өзү жалгыз жүргүзүү сапатына ээ эместигин моюнга алды.

Атлантика кеңешинде уюштурулган бир конференцияда катышуучуларга кайрылган Неллер: «Дүйнө жүзү чоң жер жана ушул себептен улуттук коопсуздук стратегиябызда биримдиктер жана өнөктөштүктөр куралышы керектиги белгиленген. Террор менен өзүбүз жалгыз күрөшүү үчүн жетиштүү сапатка ээ эмеспиз жана муну өзүбүз жалгыз жасай албайбыз. Бирок башка өлкөлөргө террор менен күрөшүү бөлүктөрүн жана коопсуздук күчтөрүн өнүктүрүү үчүн жардам бере алабыз»,-деп айтты.

Неллер, АКШнын Нигерия, Батыш Африка өлкөлөрү жана башка өлкөлөрдүн ДЕАШ менен күрөшүүдөгү мүмкүнчүлүк жана жөндөмдүүлүктөрүн арттыруу үчүн Англия, Франция жана Италия менен учурда кызматташтык кылганын белгиледи.

Неллер, «Башка өлкөлөргө жардам берүү керектүүлүгүнүн астында жаткан нерсе АКШ акыры аймакты таштап кете турганы. Мындай абалда жергиликтүү коопсуздук күчтөрү террор менен өзү жалгыз күрөшүүгө аргасыз болот»,-деди.



Тектеш кабарлар