Британиялык дипломаттар да Орусиядан чыгарылды

Орусия Британияга жооп кайтарды.

936370
Британиялык дипломаттар да Орусиядан чыгарылды

Британия өкмөтүнүн, мурдагы орус тыңчы Сергей Скрипал менен анын кызы Юлиянын ууландырылышы боюнча Орусияны айыптап 23 орусиялык дипломатты өлкөдөн жөнөтүшүнө жооп катары Орусия дагы Москвадагы Британия элчилигиндеги 23 дипломатты өлкөдөн чыгарды.

Элчиликте калган британиялык дипломаттардан айрымдары болсо имараттын алдына чыгып өлкөдөн чыгарылган дипломаттарга кол чаап узаткандары белгиленди.

Орусиялык дипломаттардын өлкөдөн чыгарылышы, Лондондун кандайдыр бир далил көрсөтүүгө зарыл болбостон мурдагы тыңчыны ууландырганы менен күнөөлөгөн Орусияга каршы киргизген санкция чечимдеринин бири эле.

Москва болсо 4-мартта Солсбери шаарында уулангандан кийин дагы деле абалдары оор болгон мурдагы тыңчы менен кызынын окуясына байланыштуу айыктоолорго катуу каршы чыгууда.

 



Тектеш кабарлар