Трамп Түндүк Кореяга барабы?
Трамп, Түндүк Корея менен процесстин бүткөрүлүшүнүн дүйнө жүзү үчүн абдан жакшы болоорун баса белгиледи.
![Трамп Түндүк Кореяга барабы?](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/3bf0/c90a/b8a0/5aa21d52ef71e.jpg?time=1719152661)
АКШнын президенти Дональд Трамп, Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен боло турган жолугушуусу тууралуу маалымат берди.
Трамп, социалдык медиа барагындагы бөлүшүүсүндө, «Түндүк Корея менен жүргүзүп жаткан сүйлөшүүлөрдө абдан маанилүү жолду басып өттүк. Жолугушуунун жери жана убагын белгилейбиз»,-деди.
Трамп, Түндүк Корея менен процесстин бүткөрүлүшүнүн дүйнө жүзү үчүн абдан жакшы болоорун баса белгиледи.
Серепчилер Трамптын Ким Чен Ынды Вашингтонго чакыра ала турганын, бирок Түндүк Кореянын лидеринин бийликке келгенден бери өлкөсүнөн чыкпагандыгы эске алынганда бул ыктымалдуулуктун ишке ашпай турганын божомолдошууда.
Май айында өтүшү пландалган жолугушуунун Түндүк Кореяда болгон учурунда Дональд Трамп Түндүк Кореяга барган алгачкы АКШ президенти болот.
Тектеш кабарлар
![Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1617/95cc/d0ae/65fc4002c762d.jpg?time=1719152662)
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
![Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/a9c0/4f04/ca2a/6635d40d9705e.jpg?time=1719152662)
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.