Сербиянын парламенти жалган геноцид мыйзам долбоорун четке какты
Добушка коюуда 139 эл өкүлү «каршы» добушун берсе, 7 эл өкүлү гана муну колдоду.
Сербия Парламенти, 1915-жылдагы окуяларга байланыштуу армян дооматтарынын «геноцид» деп таанылышын көздөгөн мыйзам долбоорунун күн тартипке коюлушун четке какты.
Оппозициячыл Жаңы партиянын жетекчиси Зоран Зивковичтин сунушу болгон мыйзам долбоорунун Парламенттин күн тартибине коюлушуна байланыштуу 6-мартта өткөрүлгөн добушка коюуда 139 эл өкүлү «каршы» добушун берсе, 7 эл өкүлү гана муну колдоду.
1915-жылдагы окуяларга байланыштуу армян дооматтарынын «геноцид» деп таанылышын көздөгөн мыйзам долбоору алгач 2010-жылы Сербиянын Радикалдуу партиясы тарабынан сунушталган болчу.
Тектеш кабарлар
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.