Англиядагы дүкөндөрдүн текчелери заматта бошой түштү

Начар аба шарттарынын себебинен товар таба албаган дүкөндөрдүн текчелеринин дээрлик толугу бошоду.

922948
Англиядагы дүкөндөрдүн текчелери заматта бошой түштү

Англияда акыркы жылдардын эң катуу кышы өтүп жатат.

Өлкөнү согуп өткөн "Эмма" бороон чапкынынан кийин жарандар негизги муктаждыктарын камсыздоо темасында да кыйынчылык тарта баштады.

Начар аба шарттарынын себебинен товар таба албаган дүкөндөрдүн текчелеринин дээрлик толугу бошоду.

«Чыгыштан келген жаныбар» мындайча айтканда (Beast from the East) жана «Эмма» бороон чапкынынын артынан бүтүндөй өлкө аппак карга чөмүлдү.

Айрым шаарларда кардын калыңдыгы бир метрден ашса, тынымсыз жааган кар жана болуп жаткан бороон транспортту токтотуп койду.

Запастын жетишсиздигинен нан, мөмө-жемиш, жашылча, сүт сыяктуу негизги азык-түлүк муктаждыктарын камсыздай албаган атуулдардын санынын артышы өлкөнүн жалпысында дүрбөлөңгө себепчи болду.

Айрыкча шамалдын себебинен жарылган суу түтүктөрү элди суусуз калтырды. Кроуборо муниципалитети элдин муктаждыгын камсыздоо үчүн машиналар менен суу таркатты.

Жалпы өлкөдө орто эсеп менен жыйырма миң каананын азык-түлүк запасынын жетишсиздигинен таасир алганы жарыяланды. Бир тараптан үй-бүлөлөрдөн ичиле турган сууларын үнөмдөө талап кылынды.

Адистер ыңгайсыз аба-шарттарынын Англиянын экономикасын миллиарддаган стрелин чыгымга учурата турганын божомолдошууда.

Англиянын метеорология агенттиги, абанын температурасынын алдыдагы айда 11 градуска жогорулай турганын жарыялады.

 



Тектеш кабарлар