Ким Чен Ын паспорт жасатып качабы?

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен атасы Ким Чен Ирдин жасалма паспорт жасаткандары маалымдалды.

920288
Ким Чен Ын паспорт жасатып качабы?

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен атасы Ким Чен Ирдин 90-жылдарда өз аттарынан жасалма паспорт жасаткандары маалымдалды.

Рейтерстин батыш европалык 5 башка коопсуздук булагына таянган кабарына караганда Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жана атасы Ким Чен Ир, паспортторду батыш өлкөлөрүнөн виза алыш үчүн жасатты.

Атын айтпастан маалымат берген батыштык жогорку рангадагы коопсуздук кызматкери: «Бетинде ачык түрдө Ким Чен Ын жана Ким Чен Ирдин фотосүрөттөрү орун алган Бразилия паспортторун чет өлкөлөрдүн элчиликтеринен виза алыш үчүн колдонушту. Бул саякат кылуу каалоосун жана үй-бүлөнүн ыктымалдуу качуу багытын түзүү аракетин көрсөтүп турат»,-деп айтты.

Батыштык башка коопсуздук булактары да Йозеф Пваг жана Иджонг Тхои деген ат менен жасалган эки паспорттун батыш өлкөлөрүнүн элчиликтеринен виза алуу үчүн колдонулганын ырастады. Бирок паспортторго кандайдыр бир виза берилип берилбегени белгисиз. Паспорттордун көчүрмөлөрү да жарыяланды.

Бразилиянын Чехиядагы элчилиги тарабынан берилген паспорттун 1996-жылдын 26-февралынан 2006-жылдын 26-февралына чейин жарактуу болгону көрүнүп турат.

Коопсуздук булактары жүздү таануу технологиясына жараша паспорттогу фотосүрөттөрдүн Ким Чен Ын жана атасы Ким Чен Ирге таандык экенин ырастады.

Бир тараптан паспорттордун Бразилия, Япония жана Гонконгго саякат кылыш үчүн колдонулган болушу мүмкүн экени белгиленди.

Рейтерс, Япониянын «Yomiuri Shimbun» гезитинин 2011-жылы жарыялаган жана Ким Чен Ындын бала кезинде Бразилия паспортун колдонуп Японияга сапар жасаны жөнүндө кабарларын эске салды.

Бразилиянын Тышкы иштер министрлиги болсо бул тема изилденип жатканын билдирди.


Этикеткалар: #Ким Чен Ын

Тектеш кабарлар