Түндүк Кореянын чалгындоо кызматынын төрагасы Түштүк Кореяга барат
Трамп жана Чолдун ортосунда кандайдыр бир жолугушуу болбой турганы белгиленди.
![Түндүк Кореянын чалгындоо кызматынын төрагасы Түштүк Кореяга барат](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/daf7/fe35/f25c/5a8ebd0876dbe.jpg?time=1719078239)
Түндүк Кореянын Чалгындоо кызматынын төрагасы, генерал Ким Ен-Чол, Түштүк Кореядагы кышкы Олимпиадалардын 25-февралдагы жабылыш аземине катышат.
Генерал Чолдун 3 күндүк сапары убагында Түштүк Кореянын мамлекет башчысы Мун Чжэ Ин тарабынан да кабыл алынышы күтүлүүдө.
АКШнын президенти Дональд Трамптын кызы жана кеңешчиси Иванка Трамптын да жабылыш аземине катыша турганы, бирок Трамп жана Чолдун ортосунда кандайдыр бир жолугушуу болбой турганы белгиленди.
Түндүк Корея жана Түштүк Кореянын ортосундагы оң атмосфера Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын, жаңы жыл сөз сүйлөөсүндө Пхенчхан-2018 кышкы Олимпиадаларына делегация жибере ала турганын, бул темада Сеул менен жолугушууларга ачык экендиктерин жарыялашы менен башталган.
Бул дипломатиялык мамиленин натыйжасында эки өлкөнүн ортосунда 2016-жылдан бери жабык турган байланыш багыты кайрадан ачылган.
Эки өлкөнүн делегацияларынын Эл аралык Олимпиада комитетинин байкоосунда жетишилген келишимдин алкагында олимпиадаларга Түндүк Кореядан 22 спортчунун катышуусу жана эки өлкөнүн спортчуларынын олимпиада аземдеринде бир желектин астында жүрүшүнө чечим чыгарылган.
Тектеш кабарлар
![Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1617/95cc/d0ae/65fc4002c762d.jpg?time=1719078240)
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
![Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/a9c0/4f04/ca2a/6635d40d9705e.jpg?time=1719078240)
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.