АКШга эмне болот?
Америкалык адистер өлкөсүнүн келечеги тууралуу санааркап жатат...
![АКШга эмне болот?](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/7903/9770/d2e2/5a72a8042a46b.jpg?time=1719166269)
АКШнын мамлекеттик катчысынын мурдагы орун басары Томас Фингар менен Улуттук коопсуздук агенттигинин (National Security Agency NSA) аналисти Жон Шиндлер: «АКШнын доору соңуна чыгуудабы?» деген суроого жооп берди.
Медиа мекемеси «Хабер Түрккө» маалымат берген Фингар: «АКШ эми көңүлсүз эгемендүү күч»,-деп жооп берсе, Шиндлер: «АКШ эми жалгыз лидер эмес. 2050-жылга чейин күчү азайышы уланат»,-деп айтты.
2025-жылы АКШнын дүйнөнүн жалгыз лидери болбой турганын баса белгилеген Томас Фингар: «Жакынкы Чыгышка кирүү себебибиз мунай зат болчу. Экономикабыз үчүн абдан маанилүү болчу, эми андай эмес. Бардык жерде мунай зат бар. Ал жерде дагы деле турушубуздун себеби саясий болуп саналат. Америка калкы да акылуу түрдө «Эмне үчүн дагы деле ал жакка акча которуудабыз, ал жердин ырааттуулугу эмне үчүн биздин маселебиз?» деп жатат. Чындап эле Жакынкы Чыгышкта эми дээрлик жок деп айтылгыдай аз кызыкчылыгыбыз бар жана мурдагы президент Барак Обаманын тышкы саясаты да буга таянчу»,-деп айтты.
АКШнын эми көңүлсүз эгемен күч болгонун белгилеген Фингар, «Өлкөбүз эми либерал эгемен күч болгусу келет.. Империял (жайылуучу) күч эмес»,-деди.
NSАдин аналсти Жон Шиндлер болсо: «АКШнын күчү 2050-жылга дейре азайышын улантат. Анда башкача бир дүйнөнү көрөбүз. Албетте ал күнгө дейре абдан чоң аскердик жеңилүүгө учурабасак»,-деп айтып, АКШнын келечеги тууралуу санааркоолорун белгилеп кетти.
Тектеш кабарлар
![Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1617/95cc/d0ae/65fc4002c762d.jpg?time=1719166270)
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
![Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/a9c0/4f04/ca2a/6635d40d9705e.jpg?time=1719166270)
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.