АКШ Украинаны колдойт

Хизер Науэрт жазуу түрүндөгү билдирүүсүн жарыялады.

913997
АКШ Украинаны колдойт

АКШ Украинаны колдогонун кайталады.

АКШнын Мамлекеттик департаменти, 4 жыл мурда Европага кошулуу үчүн тандоо кылган Украина элинин, Орусиянын кол салууларына дуушар болгонун белгилеп: «АКШ, Украинага колдоо көрсөтүүсүн улантууда»,-деп билдирди.

Департаменттин катчысы Хизер Науэрт «Укринадагы ыңкылаптын 4 жылдыгынан» улам жазуу түрүндөгү билдирүүсүн жарыялады.

Билдирүүдө 4 жыл мурда Украина элинин Киев аянтына чогулуп Европага кошулууну тандагандарын билдиргендерин баяндаган катчы Науэрт, каргашалуу окуяларда көп сандаган кишинин каза тапканын эске салды.

Науэрт билдирүүсүндө: «АКШ он миңдеген кишинин көз жумушуна жана 1 миллион 600 кишинин үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз кылган Орусия кол салууларына каршы Укринага колдоо көрсөтүүсүн улантууда»,-деген сөздөргө орун берилди.

Артта калган 4 жылда Украинанын маанилүү кадамдарды таштаганын билдирген Науэрт, Украина элинин бардык потенциалын ортого чыгаруу үчүн аракеттердин уланышы керектигин айтты.



Тектеш кабарлар