АКШ Олимпиадага карабастан Түндүк Кореяга кысымды күчөтүүнү максаттоодо

Майк Пенс 6 күнгө созула турган Азия өлкөлөрү сапарынан мурда Аляскада маалымат берди.

904980
АКШ Олимпиадага карабастан Түндүк Кореяга кысымды күчөтүүнү максаттоодо

АКШнын вице-президенти Майк Пенс, Түштүк Кореядагы Олимпиадалар убагында ал өлкөдө боло турган Түндүк Кореянын делегациясы менен жолугушуу ыктымалдуулугун четке каккан жок.

Майк Пенс 6 күнгө созула турган Азия өлкөлөрү сапарынан мурда Аляскада маалымат берди.

Анкориж шаарындагы «Элмендорф-Ричардсон» атындагы АКШнын Түндүк командирлигинин базасында ракеталык коргонуу темасында маалымат алган Пенс: «Ракеталык коргонуу улуттук коопсуздугубуз үчүн маанилүү»,-деди.

Пенс жарыясында Түштүк Кореяда 9-25-февраль аралыгында боло турган Пхенчхан-2018 Кышкы Олимпиадаларын көрүүгө барганда бул өлкөдө боло турган Түндүк Кореянын делегациясы менен жолугушуу ыктымалдуулугун четке каккан жок.

Пенс: «Муну айтышым керек, президент Трамп ар дайым жолугушууга ишенгенин айтты. Бирок менин жолугушуу талабым болгон жок. Эмнелер боло турганын көрөбүз?»-деди.

А бирок Пенс, Түндүк Кореянын делегациясы менен ыктымалдуу жолугушуусунда бере турган билдирүүсүнүн коомдук пикирдин алдындагы билдирүүсү менен бирдей болоорун белгиледи жана «Бул, Түндүк Кореянын кескин түрдө ядролук программасын жана баллистикалык ракета максаттарын токтотуулары керектиги жөнүндө болот»,-деп айтты.

Түндүк Корея, Пхенчхан-2018 Кышкы Олимпиадалары үчүн Түштүк Кореяга парламент төрагасы жана мамлекет башчысын өкүлдүк кылуучу Ким Ен Намды жиберет.

Ким Ен Нам, 1953-жылдагы ок атпоодон бери Түштүккө бара турган эң жогорку даражалуу Түндүк Кореянын жооптуу кызматкери болот.

Пенстин Аляскадан кийин Түштүк Корея жана Японияда улана турган Азия жолугушууларынын чордонунда Түндүк Кореяга кысымдын күчөтүлүшү бар.

Ысымын айтпаган Ак үйдүн кызматкерлерине караганда Пенс бул өлкөлөрдө «Түндүк Кореянын адам укуктарын бузуулары жана ядролук максаттарына» басым жасай турган символдук иш-чараларды өткөрмөкчү.

Майк Пенс: «Ар бир аялдамада Түндүк Корея тууралуу чындыкты айтабыз. Бүгүн олимпиада командалары темасында Түштүк Корея жана Түндүк Кореянын ортосундагы кызматташтык кандай болсо болсун, мунун дүйнөдөн изоляция кылынышы керек болгон режимдин чындыгына көлөкө түшүрбөөсүн камсыздайбыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар