Түндүк Корея Түштүк Кореядан эмне каалайт?

Түштүк Корея менен Түндүк Кореянын Кышкы олимпиада оюндарында бир желектин астында басуу темасындагы келишимине көлөкө түштү.

900253
Түндүк Корея Түштүк Кореядан эмне каалайт?

Түндүк Корея, Түштүк Корея менен түзө турган биргелешкен маданий иш-чараны жойду.

Түштүк Корея менен Түндүк Кореянын Кышкы олимпиада оюндарында бир желектин астында басуу темасындагы келишимине көлөкө түштү.

Түштүк Корея менен Түндүк Кореянын Кышкы олимпиада оюндарынан мурда Түндүк Кореядагы  Кумган  тоосунда Түндүк жана Түштүктөн делегациялардын бирге катыша турган маданий иш-чара, Пхеньян бийлиги тарабынан жоюлду.

Маданий иш-чаранын 4-февралда жүзөгө ашышы көздөлүп жаткан болчу.

Бирок Түштүк Кореянын Биригүү боюнча министрлиги, Ким Чен Ын башкарган Түндүк Корея башкаруучулугунун, Түштүк медиасын Түндүккө акаарат кылып элди душмандыкка үгүттөө менен күнөөлөгөнүн жарыялады. Буга караганда иш-чарага Түндүк Корея тарабынан тыюу салынды.

Түштүк Корея өкмөтү биргелешкен иш-чаранын жоюлушун «абдан өкүнүү» менен кабыл алганын, Пхеньяндан Түштүк Корея менен түзгөн бардык келишимдерди сактоосун күткөнүн билдирди.

Январь айынын башында Ким Чен Ындын Түштүк Корея менен жолугушууну каалаганын айтышынан кийин эки тараптын делегациялары жолуккан.

Жолугушууда Түштүктөгү Пхенчхан шаарынын кожоюндугунда 9-25-февраль күндөрүнүн аралыгында өткөрүлө турган Кышкы олимпиадасына Түндүк Кореянын катышуусу каралган.

Келишимге караганда эки Кореянын олимпиаданын ачылыш аземинде Бириккен Корея желегинин астында чогуу басуусу боюнча макулдашылган.

Олимпиадада жарыша турган бириккен айым муз хоккейи командасынын куралышы боюнча да макулдашылган.



Тектеш кабарлар