ЮНИСЕФ: «Түндүк Кореяда балдар жетишсиз тамактанууда»
Жетишсиз тамактануу балдардын өлүмүнө алып келиши мүмкүн.
БУУнун Балдарга жардам фондунун Өзгөчө кырдаал программасынын директору Мануэль Фонтен, быйыл Түндүк Кореяда 60 миң баланын жетишсиз тамактануу менен бетме-бет келгенин божомолдогондонун баса белгилеп, белок жана калория жетишсиздигинен келип чыккан начар тамактануунун балдардын өлүмүнө алып келиши мүмкүн экени боюнча эскертти.
ЮНИСЕФтин Аткаруу директорунун орун басары Омар Абди болсо, БУУнун Женевадагы кеңсесинде өткөргөн маалымат жыйынында, БУУнун Коопсуздук кеңешинин токтомунун алкагында Түндүк Кореяга гуманитардык жардам операцияларынын санкциялардан бошотулганын белгиледи.
Түндүк Кореяга киргизилген эмбаргонун бузулбашы үчүн гуманитардык жардам операциясында орун алган банктар жана жүк ташуучу компаниялардын өтө этият мамиле кылып жаткандарын айткан Абди, бул процедуранын өлкөгө барган БУУнун жардамдарынын кечигүүсүнө себепчи болооруна көңүл бурду.
БУУнун Коопсуздук кеңеши, Түндүк Кореяга 2006-жылдан бери ядролук иштеринин себебинен эмбарго киргизүүдө.
Кеңеш сентябрь айында Түндүк Кореяга таза мунай зат соодасына чектөө койгон, газ жана текстиль экспортуна эмбарго киргизилишин талап кылган токтом долбоорун бир добуштан кабыл алган болчу.
Тектеш кабарлар
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.