АСЕАН мүчөлөрүнүн ортосунда келишим түзүлдү

АСЕАНдын куруучу мүчөлөрү Индонезия, Малайзия, Таиланд, Филиппиндер жана Сингапур менен бирге Бруней, Вьетнам, Лаос, Мьянма жана Камбоджа болуп жалпы 10 мүчөсү бар.

897210
АСЕАН мүчөлөрүнүн ортосунда келишим түзүлдү

Түштүк Чыгыш Азия Эл аралык  Биримдигинин (АСЕАН) алты мүчөсү терроризм менен күрөшүүдө чалгындоо кабарларын бөлүшүү боюнча кызматташтык келишимине кол койду.

Киодонун кабарына караганда Индонезиянын борбор шаары Жакарта жана Балиде өткөрүлгөн орток иш алып баруу жыйындарынан кийин Индонезия, Таиланд, Бруней, Малайзия, Сингапур жана Филиппиндердин арасында террор менен күрөшүү боюнча кызматташтык келишимине кол койду.

Индонезиянын коргоо министри Риамизард Риажуду Балиде  сүйлөгөн сөзүндө чалгындоо кабарларынын бөлүшүлүшүнүн террор менен күрөшүүдө абдан маанилүү экендигин айтып, аймактын Жакынкы Чыгыш сыяктуу болушуна бөгөт болуу үчүн аракет кылышкандарын белгиледи.

Риамирзад «Көздөрүбүз» деп аталган чалгындоо маалыматтарын бөлүшүү демилгесинин Индонезиянын жол башчылыгында башташкандарын белгиледи.

АСЕАНдын куруучу мүчөлөрү Индонезия, Малайзия, Таиланд, Филиппиндер жана Сингапур менен бирге Бруней, Вьетнам, Лаос, Мьянма жана Камбоджа болуп жалпы 10 мүчөсү бар.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар