Израиль Иорданиядан кечирим сурады

Израиль өкмөтү 2014 жана  2017 -  жылы 3 Иордания жаранынын Израиль аскерлери аткан окто каза болушу менен Иорданиядан кечирим сурады.

892019
Израиль Иорданиядан кечирим сурады

Израиль өкмөтү 2014 жана  2017 -  жылы 3 Иордания жаранынын Израиль аскерлери аткан окто каза болушу менен Иорданиядан кечирим сурады.

Иордания маалымат агенттиги PETRAда орун алган маалыматка ылайык Израиль өкмөтү Мухаммед ел  -  Жевавде менен Башар ел  -  Хамариненин 2017 -  жылы июнь айында, сот Раид Зиайтердин да 2014 -  жылы март айында Батыш Шериа – Иордания чек арасында Израиль аскерлери аткан ок менен каза болгондуктан кечирим сурады. Маалыматта Израиль өкмөтүнүн бул окуялар тууралуу мыйзамдуу процедураны ишке ашыруу жана каза болгондордун үй  - бүлөсүнө компенсация төлөө убадасын бергендиги белгиленди.

Иордания өкмөтүнүн катчысы Мухаммед ел  - Муменинин сөзүнө да орун берилген маалыматта тышкы иштер министрлигинин Израиль тышкы иштер министрлигинен «сөзү болгон окуялардан улам бушайман болгондугу жана кайгылангандыгы» орун алган расмий бир жазуу алгандыгы билдирилди.

Маалыматта Израиль өкмөтүнүн Иордания менен кайрадан кызматташтык түзүүнү жана бул окуялар тууралуу досьелердин жыйынтыкталышын каалагандыгы баса белгиленди. Мумени Иордания өкмөтүнүн Израилдин «элчилик кызматкерлеринин кайрадан кызматына кайтышы жана башка мыйзамдуу процедуралар тууралуу бардык шарттарды орундатууга убада берген» жазуунун негизинде жана улуттук кызыкчылыктарга ылайык керек болгон иштерди баштатарын билдирди.

Израилде чыккан «Гаарец» гезитинин кабарында да Тель Авив өкмөтүнүн Иорданиянын бул тууралуу маалыматтарын ырастады, бул окуя тууралуу  Иордания менен келишимдин түзүлгөндүгү белгиленди.



Тектеш кабарлар