Идлибде абадан кол салуулар

Сирияда Идлиб келишпестигин азайтуу аймагына жасалган абадан кол салууда 5 жаран каза болуп,  30 киши жараланды.

892032
Идлибде абадан кол салуулар

 Сирияда Идлиб келишпестигин азайтуу аймагына жасалган абадан кол салууда 5 жаран каза болуп,  30 киши жараланды. Идлиб жарандык коргонуу директору Мустафа Хаж Юсуф : «Орус учактары жасаган кол салууда колдонулушуна эл аралык келишимдер менен тыюу салынган напалм бомба колдонулду»,- деди.

Жарандык коргоо топторунун изилдөө  - куткаруу иштеринин аяктагандыгын билдирген Хаж Юсуф жаралуулардын аймактагы саламаттыкты сактоо борборлоруна жаткырылгандыгын айтты. Идлиб келишпестиктерди азайтуу аймагында акыркы бир айда күч алган кол салууларда 110 жаран каза болуп, 240тан ашуун жаран жараланды.

Сириянын түндүгүндө жана Түркия чек арасындагы Идлиб облусу 2017 – жылдын 4 – 5-  майында Астана саммитинде келишпестикти азайтуу аймагы деп жарыяланган. Ушуга карабастан режим күчтөрү жана кээ кээде Орусия эрежелерди бузууну уланткан болчу.



Тектеш кабарлар