Түндүк Корея калкынын санкциялардан азап тартууларына Пхеньян бийлиги күнөөлүү
Рекс Тиллерсон, Калифорниядагы Станфорд университетинде берген конференциядан кийин Вашингтонго кайтып бара жатканда учакта журналисттердин суроолоруна жооп берди.
АКШнын мамлекттик катчысы Рекс Тиллерсон, Түндүк Корея калкынын эл аралык экономикалык санкциялардан азап тартууларына Пхеньян бийлиги күнөөлүү экенин билдирди.
Рекс Тиллерсон, Калифорниядагы Станфорд университетинде берген конференциядан кийин Вашингтонго кайтып бара жатканда учакта журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Түндүк Корея калкынын кыйынчылыктарын жеңилдете турган гуманитардык жардамдардын муктаждыгы болгон кишилерге жеткирилиши темасында санааркоолорго токтолгон Тиллерсон: «Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын тандоолору кабыл алынгыс түрдө өз калкынын кайгы тартышына себеп болот, бирок биз бул темада жоопкерчилик ала албайбыз»,-деди.
Санкциялардын Түндүк Корея калкына карай таасири тууралуу суроого Тиллерсон, «Кайсы өлкө болсо дагы санкция ишке ашырылганда элдин булактары чектелүү абалга келмек. Бул чектелүү булактарды кантип бөлүштүрө турганы болсо өкмөттүн жоопкерчилигинде»,-деп жооп берди.
Түштүк Корея тарабынан жасалган гуманитардык жардамдардын санкциялардын таасирин азайтып азайтпай турганы жөнүндөгү суроого Тиллерсон: «Бул жардамдардын чындап эле муктаждыгы болгондорго барып барбаганын билбейбиз. Жардам жиберген өлкөлөр ушул себептен өз тандоолорун жасашы керек, бирок өлкөгө барган жардамдардын адамдардын кайгысын азайта турганынан шегибиз бар»,-деди.
Тиллерсон, Канаданын Ванкувер шаарында өткөн Корея жарым аралынын Коопсуздук жана ырааттуулугу үчүн Ванкувер Тышкы иштер министрлеринин жыйналышында сүйлөгөн сөзүндө, Түндүк Корея ядролук күчкө айланган жер шарын АКШнын кабыл албай турганын билдирген жана өлкөдөгү режимдин ядролук программасынан баш тартканга дейре санкциялардын жоюлбай турганын айткан.
Тектеш кабарлар
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.