Сомали элинин жарымы жардамга муктаж

6 миллион 200 миң кишинин куткарылуусу үчүн 1,6 миллиард доллар керек.

890956
Сомали элинин жарымы жардамга муктаж

БУУ Сомалиде калкынын жарымын түзгөн жардамга муктаж орто эсеп менен 6 миллион 200 миң кишинин куткарылуусу үчүн 1,6 миллиард доллар керектигин билдирди.

БУУнун Сомали боюнча гуманитардык жардам координатору Питер де Клерктин жарыялаган отчетуна караганда, эл аралык коомчулуктун өткөн 8 жылда оор шарттарда жашаган миллиондогон сомалиликти куткаруу үчүн жүргүзүлгөн акцияларга 6,2 миллиард доллар гуманитардык жардам көрсөткөнү белгиленди.

Акыркы жылдардагы кургакчылыктын айынан Сомалинин кыйынчылыктары уланып жатканы билдирилген отчетто, Сомалиде кызмат кылган жардам уюмдарынын жалгыз өздөрү өлкөдөгү кризисти чече албай тургандары белгиленип, эл аралык коомчулуктун бул аракеттерге колдоо көрсөтүүсү үчүн биргелеше иштешүүсү талап кылынды.

Сомалиде калктын 3 миллион 300 миңинин да шашылыш жардамга муктаж экени белгиленген отчетто, бул үчүн 1,6 миллиард доллар керектиги билдирилди. 

Отчетто лагерлерде жашаган сомалилик баш калкалоочулардын санынын орто эсеп менен 2 миллион киши болгону, булардын 1 миллионунун 2017-жылдын январь айындагы кагылышуу жана кургакчылыктын себебинен жерлерин таштап кеткендери баса белгиленди. Ошондой эле кургакчылыктын быйыл да уланаарынын күтүлгөнү айтылды.



Тектеш кабарлар