Нигерияда "Ласса" ысытмасы чыкты

Аймакта бул жумада «Ласса» ысытмасы эпидемиясынан улам эки дарыгер, бир мед айым каза болду.

891156
Нигерияда "Ласса" ысытмасы чыкты

Батыш Африка өлкөлөрүнөн Нигериянын түштүк  -чыгышындагы Эббони аймагында "Ласса» ысытмасы эпидемиясынын айынан бардык мектептер жабылды.

Эббони билим берүү директору Жон Эке «Ласса» ысытмасынын айынан балдардын саламаттыгын тобокелчиликке салбоо үчүн бардык мектептердин жабылгандыгын билдирди. Эке : «Бардык мектептер 26 -  январь жума күнгө чейин жабык болот. Үй – бүлөлөр бул процессте эпидемияга каршы этият болуулары жана айлана  - тегерегин таза кармоосу керек»,- деди. Аймакта бул жумада «Ласса» ысытмасы эпидемиясынан улам эки дарыгер, бир мед айым каза болгон болчу.



Тектеш кабарлар