Орусия Израилге кыр көрсөттү

Орусиянын Сириядагы аскердик бөлүктөрү кол салууларга туруштук бере алат.

884812
Орусия Израилге кыр көрсөттү

Орусия Израилге кыр көрсөттү.

Израилге таандык согуштук учактар Сирияда курал-жарак кампасын бомбалагандан кийин Орусия Сириядагы Хмеймим жана Тартус аба базаларындагы аскердик бөлүк жана жабдыктарынын ыктымалдуу кол салууларга каршы туруштук бере алган күчтө экенин билдирди.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирүүсүндө, Сириядагы аскердик бөлүктөрүнүн жетиштүү күчтө экенин жактады.

Орусиянын Коргоо министрлиги кечээки билдирүүсүндө, Хмеймим жана Тартус базаларына 6-январь түнү куралдуу 13 учкучсуз учак менен кол салуу болгонун белгилеген.

Министрлик билдирүүсүндө, кол салуу аракетинин Орусиянын абадан коргонуу системалары менен таасирсиз кылынганын маалымдаган болчу.  



Тектеш кабарлар