Кабулда жанкечтилик кол салуу

20 киши каза болуп, 25 киши жаракат алды.

882155
Кабулда жанкечтилик кол салуу

Ооганстандын борбор шаары Кабулдагы жанкечтилик кол салууда арасында полициялар да болгон 20 киши көз жумуп, 25 киши жаракат алды.

Жанкечтилик кол салуу митинг өтүп жаткан учурда болду. Жардыруу убагында көп сандаган полициянын бар экени белгиленди.

Кол салууну террордук уюм ДЕАШ мойнуна алды.

Кабулда 28-декабрда ДЕАШтын бомбалуу кол салуусунан кеминде 40 адам каза болгон.

Бул кол салуу октябрь айында 69 киши каза тапкан террордук актыдан кийин эң кандуу кол салуу катары айтылган болчу.



Тектеш кабарлар