Трамптын Иран тууралуу жаңы билдирүүсү

Дональд Трамп, Ирандагы нааразылык акциялары тууралуу билдирүүлөрүнө жаңысын кошуп, бул ирет дагы оор билдирүү айтты.

880411
Трамптын Иран тууралуу жаңы билдирүүсү

АКШнын президенти Дональд Трамп, Иранга карай жаңы билдирүү жасады.

Дональд Трамп, Ирандагы нааразылык акциялары тууралуу билдирүүлөрүнө жаңысын кошуп, бул ирет дагы оор билдирүү айтты.

Трамп социалдык медиа тармагынан «Иран калкы акырында жапайы жана бузулган Иран режимине каршы кыймыл-аракетин баштады!»-деп жазып өлкөнүн режимин бутага алды.

Трамп, «Президент Обаманын макоо түрүндө берген бардык акча терроризмге жана алардын чөнтөгүнө кирди. Элдин жей турган абдан аз нерсеси бар, инфляция жогору жана адам укуктары жок. АКШ сизди байкоодо!»,-деп жазды.

Кечээки билдирүүсүндө да Ирандын мурдагы президент Обама башкаруучулугу менен кол койгон коркунучтуу келишимине карабастан бардык деңгээлде ийгиликсиз болгонун жактаган Трамп: «Улуу Иран калкы көптөгөн жылдардан бери кысым астында жашоодо. Азык-түлүк жана эркиндикке суусаган. Иранда адам укуктары менен бирге өлкөнүн байлыгы тонолууда. Өзгөрүүнүн дал убагы»,-деп айткан.



Тектеш кабарлар