Ликуд бекиткен мыйзам долбоору эмнени көздөйт?

Мыйзам долбоорун, партиялык министр жана эл өкүлдөрү да колдошту.

879489
Ликуд бекиткен мыйзам долбоору эмнени көздөйт?

Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху жетектеген Ликуд партиясынын борбордук комитети, басылып алынган Батыш Шериада мыйзамсыз еврей отурукташуу жерлеринин Израилге кошулуусун көздөгөн мыйзам долбоорун бекитти.

Мыйзам долбоорунда, Батыш Шериадагы бардык отурукташуу жерлеринде Израиль мыйзамдары менен эгемендигинин жарактуу болушу жана дагы көп еврей отурукташуу жерлеринин курулуусуна мүмкүнчүлүк таанылышы чакырыгы айтылды.

Мыйзамга ылайык партиянын эл өкүлдүрүнүн үстүндө күчү болбогон мыйзам долбоорун, партиялык министр жана эл өкүлдөрү да колдошту.

Мыйзам долбоору Кнессетке сунушталган учурда мыйзамдашып күчүнө кире алуусу үчүн Парламентте үч башка отурумда бекитилиши керек.



Тектеш кабарлар