Израиль армиясы Рефах шаарында «байкоочу мунарага» абадан кол салды
Көргөн күбөлөр кол салуунун себебинен байкоочу мунарасында кыйроо болгонун айтышты.
Израиль армиясы Газанын түштүгүндөгү Рефах шаарында «байкоочу мунарага» абадан кол салды.
Көргөн күбөлөрдөн алынган маалыматка караганда Израилге таандык согуштук учактар Рефах шаарынын чыгышында палестиналык топторго таандык байкоочу мунараларды абадан бомбалады.
Көргөн күбөлөр кол салуунун себебинен байкоочу мунарасында кыйроо болгонун айтышты.
Израил армиясынын басма сөз катчысы Авичай Адри, бул тема тууралуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө аба күчтөрүнө таандык согуштук учактардын Газадан жума күнү болгон ракеталык кол салууга жооп иретинде Газанын түштүгүндөгү Хамаска таандык «Чалгындоо жери» бутага алынганын белгиледи.
Израиль армиясынын мурдагы күнкү маалыматында Газадан атылган эки ракетанын Израиль армиясынын «Темир купол» абадан коргонуу системасы тарабынан тосулганы билдирилген.
Тектеш кабарлар
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.