Брюсселде чогулган митингчилер АКШнын токтомуна каршылык көрсөтүштү
Айрым жарандык коомдук уюмдардын мүчөлөрү Европа Биримдигинин мекемелери орун алган Брюсселде «Кудус кызыл чийинибиз» темалуу акция өткөрдү.
![Брюсселде чогулган митингчилер АКШнын токтомуна каршылык көрсөтүштү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/5aff/2cd5/38ae/5a488f4f22a63.jpg?time=1719105919)
Бельгиянын борбор шаары Брюсселде чогулган митингчилер АКШнын Кудусту Израилдин борбор шаары деп тааныган токтомуна нааразылык акция уюштурду.
Айрым жарандык коомдук уюмдардын мүчөлөрү Европа Биримдигинин мекемелери орун алган Брюсселде «Кудус кызыл чийинибиз» темалуу акция өткөрдү.
Брюсселдин Борбордук поезд станциясында чогулган митингчилер, «Палестинага эркиндик!», «Израилге каршы туруштук!» жана «Израилге бойкот!» ураандарын чакырышты.
Палестинанын желектерин желбиреткен митингчилер, «Кудусту басып алууну токтот» жана «Кудусту куткаргыла» деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп чыгышты.
АКШ жана Израилге каршылык көрсөтүлгөн акциялардагы сөз сүйлөөлөрдө АКШнын Кудус тууралуу токтомунун укукка жатпагыны жана кабыл алынбай турганы баса белгиленди.
Тектеш кабарлар
![Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1617/95cc/d0ae/65fc4002c762d.jpg?time=1719105920)
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
![Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/a9c0/4f04/ca2a/6635d40d9705e.jpg?time=1719105920)
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.