Орусиядагы жардыруу терракт болуп чыкты..

Владимир Путин, Санкт-Петербург шаарындагы бир соода борборунда кечээ болгон жарылуунун терракт экенин айтты.

877602
Орусиядагы жардыруу терракт болуп чыкты..

Орусиянын президенти Владимир Путин, Санкт-Петербург шаарындагы бир соода борборунда кечээ болгон жарылуунун терракт экенин айтты.

Путин, Сириядагы террордук топторго каршы жүргүзүлгөн операцияда орун алган орус аскерлери үчүн Кремлде жүргүзүлгөн сыйлык тапшыруу аземиндеги сөз сүйлөөсүндө, «Санкт-Петербургда кечээ террордук кыймыл болгонун билесиздер. Федералдык коопсуздук кызматы (FSB) да пландалган башка бир террордук кыймылга бөгөт койду»,-деди.

Путин айрыкча, өз жаны коркунучта болгон учурларда коопсуздук күчтөрүнүн террор шектүүлөрүнө карата «чечкиндүү мамиле кылышы» мындайча айтканда аларды өлтүрүүлөрү керектигин айтты.

Санкт-Петербургдагы Перекресток аттуу маркеттерден биринде кечээ кечинде болгон жарылуудан 5и оор жалпы 13 киши жаракат алган.

Жарылууга кардарлар буюмдарын таштап коюулары үчүн маркетте турган кулпулуу шифоньерлерден бирине жайгаштырылган 200 килограммдык TNT күчүндөгү колго жасалган бомбанын себеп болгону белгиленген.

Санкт-Петербургдун полициясы, жарылуунун атайылап адам өлтүрүү беренеси боюнча териштирилгенин, бирок эч бир ыктымалдуулуктун да көрмөксөнгө салынбай турганын белгилеген.



Тектеш кабарлар