Израилдин Кудус боюнча жаңы пландары билинип калды...

Израилдин коомчулук менен байланыш жана турак жай министри Йоав Галант, бул тууралуу маалыматты телеберүүсүндө айткан.

875480
Израилдин Кудус боюнча жаңы пландары билинип калды...

Израиль өкмөтү басып алуу астындагы Чыгыш Кудуста Жөөт отурукташкан жерлерге кошумча түрдө 300 миң жаңы турак жай курууну пландап жатат.

Израилдин Канал10 телеберүүсүндөгү маалыматка караганда Израилдин коомчулук менен байланыш жана турак жай министри Йоав Галант: «Израилдин борбор шаары бириккен Кудустун территориясында үй куруу» аты астында 300 миң жаңы үй планын жарыялады.

Израилдин жаңы үйлөрдү кайсы Жөөттөрдүн отурукташкан жерине кура турганы жарыяланган кабарда, аты аталган пландын Израиль өкмөтүнүн мындан мурда жарыялаган жана басып алуу астындагы Чыгыш Иерусалимдин айланасында орун алган Жөөт отурукташкан бөлүмдөрүнүн Кудуска кошулушун көздөгөн «Чоң Кудус» планынын бир бөлүгү экенин маалымдаган.

Галанттын бул жарыясынын АКШнын президенти Дональд Трмаптын Кудусту Израилдин борбор шаары деп таануусунан 3 жума өтөөр менен жарыялоосу көңүл бурду.

Беньямин Нетаньяху жетектеген Израиль өкмөтүнүн шаршемби күнү басып алуу астындагы Батыш Шерианын Иордания өрөөнү (Ağvar) аймагында да 10 миң жөөттүн отурукташа турган 3 жаңы Жөөт отурукташуу бөлүмүн кура турганын жарыялаган.

Израилдин 1967-жылдан бери Батыш Шериада 131, Чыгыш Кудуста 10, Батыш Шерианын дөбөлөрүндөгү аймактарда болсо 116 отурукташкан бөлүм курганы айтылууда.

Палестина жерлериндеги отурукташкан аймактарда орто эсеп менен жарым миллион, Чыгыш Кудустагыларда да 220 миң отурукташуучу жайгашканы белгиленсе, Израилдин Батыш Шериадагы отурукташуучулардын санын кыска убакыттын ичинде 1 миллионго жеткирүүнү каалаганы белгиленген.

Палестина болсо бул окуяларга нааразылык акцияларын улантууда.

Палестинанын тышкы иштер министрлиги тарабынан жазуу түрүндөгү жарыясында Израилдин максатынын Кудусту чөйрөсүндөгү Палестина аймактарынан бөлүү жана «баскынчы мамлекетке» аннекциялоо болгону баса белгиленип, «Бул эзүүчү аракет, Трамптын Кудус токтому болбогондо болмок эмес. Баскынчы мамлекеттин Палестина калкына, жерине жана ыйыктыгына карай таштай турган ар бир кадамы жана кыла турган укук бузууларына Трамп жана башкаруучулугу жооптуу»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар