Палестиналык тайманбас кыз камоого алынды

«Ханзала тайманбастык» сыйлыгынын ээси палестиналык кыз камоого алынды.

871392
Палестиналык тайманбас кыз камоого алынды

 

Палестина элдик каршы чыгуу комитеттеринен активист Хилми ет  - Темими аскерлердин бүгүн эрте менен Ахед  - ет  - Темиминин Рамаллах шаарында үй  - бүлөсү менен жашаган үйгө баскын жасагандыгын жана үйдү тинткенден кийин Ахедди камоого алгандыгын айтты. Темими аскерлердин Ахедди алып барган жер тууралуу маалымат бербегендигин белгиледи. Ахедди камоого алуу себеби азырынча белгисиз. Израиль медиасы кечээ Ахеддин аскерлерди үйүнүн алдынан куугандагы көрүнүштөрдү жарыялаган болчу.

«Палестиналык тайманбас кыз» деп билинген Ахед 2012 – жылы агасы камоого алынганда Израиль аскерлерине карата көрсөткөн мамилесинен улам Стамбулда «Ханзала тайманбастык» сыйлыгына ылайык көрүлгөн болчу. «Израиль аскерине каршы чыккан палестиналык кыз» катары дүйнө күн тартибине келген Ахед Р. Т. Эрдоган премьер  - министр болуп турган кезде  аны менен жолугушкан.



Тектеш кабарлар