Түндүк Кореянын тыңчысы Австралияда кармалды...

Австралиянын Федералдык полициясынын (AFP) жазуу түрүндөгү маалыматы ушундай...

870935
Түндүк Кореянын тыңчысы Австралияда кармалды...

Австралияда Түндүк Корея үчүн экономикалык чалгындоо кылганы менен күнөөлөнгөн Чан Хань-чой кармалды.

Австралиянын Федералдык полициясынын (AFP) жазуу түрүндөгү маалыматына караганда Сиднейдин Иствуд районунда жашаган Чан Хань-чой Түндүк Кореяга таандык ракета жана ракета курамы менен көмүрдү Индонезия менен Вьетнамдагы фирмаларга сатууга аракет кылганы менен айыпталууда.

AFPнын башкы катчысынын орун басары Нил Гоган, бир жылдан бери байкалган Чандын Түндүк Кореянын «туруктуу тыңчысы» экенин жана «бир катар улуу мекен сүйүүчүлүк максаттарына кызмат кылганына ишенгенин» айтты.

БУУ жана Австралиянын Түндүк Кореяга киргизген экономикалык санкцияларды тешүүгө аракет кылып экономикалык тыңчылык кылганы менен күнөөлөнгөн Чандын сотто күнөөлүү деп табылган учурунда, учурдагы мыйзамдарга ылайык эң көп 10 жылга дейре абак жазасын алуусу күтүлүүдө.

Орто эсеп менен 30 жылдай убакыттан бери Австралияда жашаган Чан, бул өлкөдө массалык кыргынга салуучу куралдарды жоюу мыйзамынын алкагында күнөөлөө багытталган алгачкы киши болду.



Тектеш кабарлар