Франция атомдук станцияларды жаппайт

Макрон түз эфирде суроолорго жооп берди

870297
Франция атомдук станцияларды жаппайт

Франциянын президенти Эмануэль Макрон, өлкөсүндөгү атомдук станцияларды жаба албай турганын айтты.

Макрон коомдук France 2 каналынын түз эфир программасына катышып, күн тартипке байланыштуу суроолорго жооп берди.

Акыркы мезгилде талаш-тартыш жараткан энергетика темасына токтолгон Макрон, атомдук станцияларды жабуунун өлкөсүнө пайда алып келбей турганын белгиледи.

Макрон: «Эгерде эртең бир атомдук станцияны жаап салсам ордун жаңылана алчу энергия менен толтура албайм. Атомдук станция жыл бою үзгүлтүксүз электр энергиясын өндүрүүдө бирок жаңылана алган энергия туруксуз энергия болуп саналат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар