Араб лигасы Кудус боюнча комитет түздү

Араб лигасы «Араб тар чөйрөдөгү министрлер комитетин» түзгөнүн жарыялады.

870625
Араб лигасы Кудус боюнча комитет түздү

Араб лигасы,АКШнын президенти Дональд Трамптын Кудусту «Израилдин борбор шаары» деп таануу токтомуна каршы күрөшүүнүн алкагында «Араб тар чөйрөдөгү министрлер комитетин» түзгөнүн жарыялады.

Араб лигасынын жазуу түрүндөгү жарыясында комитеттин Иордания, Палестина, Египет, Сауд Арабия, Марокко, Бириккен Араб Эмирликтеринин тышкы иштер министрлери жана Араб лигасынын башкы катчысынан турганы белгиленди.

АКШнын президенти Трамптын токтомунан келип чыккан терс жыйынтыктар жана таасирлери менен күрөшүүдө Комитеттин дипломатиялык жана медиа деңгээлинде иш-аракет кылуу милдетин аткара турганы билдирилди.

Палестина жана Иорданиянын талабы менен 9-декабрда өткөн Араб лигасынын тышкы иштер министрлеринин кезексиз Кудус жыйналышында Араб тынчтык киришүүсү комитети, Кудус токтомунан келип чыга турган саясий жыйынтыктардын алдын алуу үчүн эл аралык коомчулук жана мекемелер менен иштеше турган комитет түзүү менен милдеттендрилген.



Тектеш кабарлар