PERGAS АКШнын Кудус чечимин айыптады

Бул чечим аймактагы абалды ого бетер начарлатат

867429
PERGAS АКШнын Кудус чечимин айыптады

Сингапур Ислам аалымдары жана мугалимдери коому (PERGAS), АКШнын Кудусту Израилдин борбор шаары деп тааныган чечимин айыптады.

Коомдун жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Бул чечим, аймактагы абалды ого бетер начарлата турган кадам болуп саналат. Израилдин Палестинага карай кысымдарын күчөткөн жана БУУнун Коопсуздук кеңешинин токтомдорун бузган бул кадамды айыптайбыз»,-деп айтылды.

Билдирүүдө АКШнын Кудус темасындагы чечиминин бүткүл мусулмандарды нааразы кылганы баса белгиленип, аймактагы тынчтыктын эки жактуу түшүнүшүү менен орнолооруна көңүл бурулду.



Тектеш кабарлар