Израиль Газаны аткылады

Кол салууда жан жана мал жоготуу болгон жок.

863934
Израиль Газаны аткылады

Израиль блокада астындагы Газа тилкесине аскердик учак жана танкалар менен кол салды. Израиль армиясынан берилген маалыматта : «Армияга таандык бир аскердик учак менен танкалар Газа тилкесинде террордук уюмдарга таандык бир бутаны атты»,- деп билдирилди. Маалыматта кол салуунун күндүн ичинде Газадан Израилдин түштүгүнө жасалган үч ракеталык кол салууга болгон жооп экендиги оротого салынды. Атылган ракеталардын экөөсүнүн Газа тарабына, экөөсүнүн да Израилдин түштүгүндөгү бош аянтка түшкөндүгү жана кандайдыр бир жараланууга же жан жоготууга жол ачпагандыгы белгиленди.

Армия билдирүүсүндө Газадан Израилге жасалган бардык ракеталык кол салуулардан  Хамастын жооптуу экендигин билдирди. Израиль негиз катары көрсөткөн ракеталык кол салууну болсо Газа тилкесиндеги палестиналык топтордон моюнга алган болгон жок.

 

 

 



Тектеш кабарлар