АКШнын мактаган учагынын тетиктери сына баштады
АКШнын Аба күчтөрү Япониядагы Кадена аба базасында орун алган F-35 учактарынан бирөөнүн бортунан учуп бара жатканда бир тетик түшкөнүн ырастады.
![АКШнын мактаган учагынын тетиктери сына баштады](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/5aa2/426d/5323/5a27c35bb6466.jpg?time=1719127322)
Американын F-35 учактары сына баштады.
АКШнын Аба күчтөрү Япониядагы Кадена аба базасында орун алган F-35 учактарынан бирөөнүн бортунан учуп бара жатканда бир тетик түшкөнүн ырастады.
АКШнын «Defense News» журналынын жазганына караганда бейшемби күнү Окинава аралынын чыгышында машыгуу маневрларына катышкан F-35 учагынын бортунан бир тетик кулап түшкөн.
Япон медиасы кабарды ошол эле күнү жарыяласа, АКШнын аба күчтөрү окуяны дүйшөмбү күнү гана ырастай алды.
Кабарга караганда жоголгон тетиктин учуу коопсуздугуна таасир тийгизе электе башка бир бөлүкчө менен алмаштырышынын мүмкүн болуп же болбой турганы азырынча белгисиз.
F-35 программасы үчүн АКШ орто эсеп менен 1,5 триллион доллар сарпатаган. АКШлык учак өндүрүүчүсү Lockheed Martin фирмасынын 17 жылдан бери өнүктүрүп жаткан F-35 учактары, техникалык жаңылыштыктардын себебинен АКШнын президенти Дональд Трамп менен кошо бир топ киши тарабынан сындалууда.
Өткөн айларда учактын борту дат баса баштаганы, дат басуунун да учуу шаймандарына таасир тийгизгени белгиленген.
Тектеш кабарлар
![Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1617/95cc/d0ae/65fc4002c762d.jpg?time=1719127323)
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
![Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/a9c0/4f04/ca2a/6635d40d9705e.jpg?time=1719127323)
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.