Кайсы тараптын сүйлөшүүлөрдү четке какканы жарыяланышы керек

Жума күнү тыныгуу берилишинен кийин Дамаскка кайткан Сириянын мамлекеттик кызматкерлеринин Женевага качан келе тургандары белгисиз бойдон турат.

862505
Кайсы тараптын сүйлөшүүлөрдү четке какканы жарыяланышы керек

"Сирия" темалуу Женева-8 сүйлөшүүлөрү жуманын акырындагы тыныгуудан кийин режим делегациясынын келбегенине карабастан оппозициячылдардын катышуусу менен кайрадан башталды.

Швейцариянын Женева шаарында 28-ноябрда башталган кыйыр түрдөгү жолугушуулардын экинчи бөлүмүндө БУУнун Сириядагы атайын өкүлү Стаффан де Мистура оппозициячылдар менен жолукту.

Жума күнү тыныгуу берилишинен кийин Дамаскка кайткан Сириянын мамлекеттик кызматкерлеринин Женевага качан келе тургандары белгисиз бойдон турат.

Сириялык оппозициячылдар түзгөн сүйлөшүү боюнча жогорку комиссиясынын төрагасы Насыр Харири, Мистура менен жолугушууларында Сирия режиминин кылган зулумдуктарын кеңири белгилеп, согуш кылмышкерлеринин сот алдына чыгарылышын камтыган документ сунуштагандарын билдирди.

Өздөрүнүн Сирияда саясий чечим табылышы үчүн аракеттерин уланткандарын түшүндүргөн Харири, режимдин болсо ар түрдүү шылтоолорду айтканын баса белгиледи.

Харири, Сирия мамлекетинин жооптуу кызматкерлеринин Женевадагы жолугушууларга катышпоосуна да токтолуп, буларды айтты: «Биз Женева-8 билдирүүсү жана БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2254 номердүү токтомунун ишке ашырылышы үчүн бул жердебиз. Бул токтомдорду биз чыгарган жокпуз. Өзүңүздөр билгендей сүйлөшүүлөр оппозиция менен режимдин ортосунда жүрүп жатат. Биз, Женевага бир делегация жана бир көз караш менен келдик. Эми кайсы тараптын сүйлөшүүлөрдү четке какканынын жарыяланышы эл аралык коомчулуктун, БУУнун жана БУУнун атайын өкүлүнүн жоопкерчилигинде».



Тектеш кабарлар