Чыгыш Гутада кырдаал

Асад режими кол салуусун улантып жатат

860575
Чыгыш Гутада кырдаал

Сириянын борбор шаары Дамасктын режимдин курчоосундагы Чыгыш Гута аймагына карай абадан кол салуулардан 20 карапайым тургун көз жумду. Кол салууда ондогон киши да жаракат алды.

Маалымдалгандай режим күчтөрүнө таандык согуштук учактардын аймакка карай уланган кол салууларынан 20 киши каза болуп, көп сандаган киши да жаракат алды.

БУУнун Сирия боюнча атайын өкүлү Стаффан Де Мистура, 28-ноябрдагы билдирүүсүндө Орусиянын сунушу боюнча Асад режиминин Чыгыш Гутада ок атышпоону кабыл алганын маалымдаган эле.

5 жылдан бери курчоо астында турган Чыгыш Гута, Астана келишиминин алкагында «чыңалууну басаңдатуу аймагы» жарыяланган жана 22-июлда ок атышпоонун күчүнө киргени билдирилген болчу.



Тектеш кабарлар