Афганстанда кагылышуулардан качкан үй - бүлөлөр

Бир айдай мурда ушул эле аймакта болгон кагылышуулардан улам 5 миң үй  - бүлө үйлөрүн таштап кеткен.

858184
Афганстанда кагылышуулардан качкан үй  - бүлөлөр

Афганстандын  чыгышындагы Нангархар аймагынын Ногяни районунда  ДЕАШ террордук уюм менен Талибандын ортосундагы кагылышуулардан качкан 9 миң  үй  - бүлө коопсуз аймактарга баш калкалады. Нангархар губернаторлугунун катчысы Атауллах Ногяни Ногянинин Вазир Танги аймагында Талибан жана ДЕАШтын арасында бир канча күндөн бери болуп келе жаткан кагылышуунун миңдеген үй  - бүлөнү көчүүгө мажбурлагандыгын белгиледи. Кагылышууларда ушул кезге чейин 11 ДЕАШ террористти менен 19 Талибан мүчөсүнүн жана 8 жарандын каза болгондугун билдирген Ногяни кагылышуулардан улам аймактагы 9 миң үй  - бүлөнүн үйлөрүн таштап Чамтала аймагына баш калкалагандыгын жана булардын чукул жардамга муктаж экендигин билдирди.

Бир айдай мурда ушул эле аймакта болгон кагылышуулардан улам 5 миң үй  - бүлө үйлөрүн таштап кеткен.



Тектеш кабарлар