Украинада ок атышпоо эрежелери бузулууда

Александр Хуг Украинанын чыгышындагы ок атышпоо эрежелерин бузуунун артып бара жаткандыгын билдирди.

854856
Украинада ок атышпоо эрежелери бузулууда

Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Украина атайын байкоо миссиясынынын төрага орун басары Александр Хуг Украинанын чыгышындагы ок атышпоо эрежелерин бузуунун артып бара жаткандыгын билдирди.

Миссиянын Донбастагы иштерине байланыштуу маалымат берүү жыйынын өткөргөн Хуг өткөн жумада 9 миңден ашуун эреже бузулгандыгын, мунун июнь айынын ортосунан бери болуп келген эң жогорку көрсөткүч экендигин белгиледи. Хуг : «Миссиянын аныктамаларына ылайык мурунку жумаларга караганда өткөн жумада эреже бузуу 60 пайызга артты»,- деди.

Хуг айрыкча кагылышуулардын Авдеевка, Ясиновата жана Донецк аэропортунда болгондугун айтты.

БУУму, Украинанын чыгышындагы Орусия жактоочусу бөлүүчүлөр менен Украина бөлүктөрүнүн арасында  чыккан кагылышуулардын башталышынан бери 10 миң 225 кишинин каза болгондугун, 24 миң 541 кишинин жаралангандыгын билдирген болчу.

 



Тектеш кабарлар