Жоголгон деңиз түбүндөгү кемени издөөгө Орусия да катышты

Аргентинада 8 күндөн бери жок болгон деңиз түбүндөгү кемени издөө иштерине Орусия да жардам берди.

853639
Жоголгон деңиз түбүндөгү кемени издөөгө Орусия да катышты

Аргентинада 8 күндөн бери жок болгон деңиз түбүндөгү кемени издөө иштерине Орусия да жардам берди.

Орусиянын президенти В. Путин Аргентинанын мамлекет башчысы Маурицио Макри менен телефон аркылуу сүйлөштү жана жоголгон деңиз түбүндөгү кеменин табылышы үчүн жардам берүүнү сунуш кылды. Орусия аймакка изилдөө кемеси жана адис группа жиберет.

44 экипажы болгон жоголгон деңиз түбүндөгү кемени издөө иштерине араларында АКШ жана Англия да болгон 10дон ашуун өлкө катышууда. Ошол эле учурда Аргентина деңиз күчтөрүнүн катчысы, капитан Энрике Балби изилдөө иштеринин маанилүү этабына келгендигин, деңиз түбүндөгү кемедеги кычкылтектин түгөнүшүнөн тынчсызданып жатышкандыгын айтты.

Деңиз түбүндөгү кемеде жарылуунун болгондугу тууралуу айтылгандарга токтолгон Балби деңиз түбүндөгү кеменин жоголушунан бир канча сааттан кийин аймакта бийик бир үндүн чыккандыгына байланыштуу кабарлардын изилденгендигин белгиледи.

Деңиз күчтөрү командири Карлос Завалла жоголгон деңиз түбүндөгү кеме менен байланыштын үзүлгөндүгүн айтып, экипаждын жакындарынан үмүттөрүн үзбөшү керектигин суранды.

Аргентина армиясына таандык «ASA San Juan» аттуу деңиз түбүндөгү кемеден 15 -  ноябрдан бери кабар алына албай жатат. Электр катасы билдирилген деңиз түбүндөгү кеме менен рация аркылуу байланыш борбор шаар Буэнос-Айрестын 250 километр түштүгүндөгү базага кайтып жатып 430 километр алыстыкта үзүлгөн болчу.



Тектеш кабарлар