Эммерсон Мнангагва өлкөсүнө кайтты
Эммерсон Мнангагва кызматынан алынгандан кийин барган Түштүк Африкадан өлкөсүнө кайтты.
![Эммерсон Мнангагва өлкөсүнө кайтты](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/ab63/2457/b5f6/5a166f590cd8a.jpg?time=1719183395)
Зимбабвенин мурунку вице - президенти Эммерсон Мнангагва кызматынан алынгандан кийин барган Түштүк Африкадан өлкөсүнө кайтты. Мнангагва борбор шаар Харареде чогулган колдоочуларына кайрылып сүйлөгөн сөзүндө Зимбабвенин жаңы демократия мезгилине күбө болгондугун белгиледи.
Зимбабве калкын биримдиктүү болууга чакырган Мнангагва : «Баарыбыз зимбабвеликпиз. Азыркы учурда өлкөдө тынчтык жана жумушка муктажбыз»,- деди.
Зимбабвенин мурунку мамлекет башчысы Роберт Мугабенин кызматынан кетиши менен Мнангагванын өлкөнүн жаңы лидери болушу күтүлүүдө.
Башкаруучу партиядан Ловерторе Матуке бийлик партиясы ZANU-PFтин лидери болгон Мнангагванын 48 сааттын ичинде президенттик кызматка келерин билдирди.
Тектеш кабарлар
![Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1617/95cc/d0ae/65fc4002c762d.jpg?time=1719183395)
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
![Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/a9c0/4f04/ca2a/6635d40d9705e.jpg?time=1719183395)
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.