Нидерландияда уйгур элдерине байланыштуу мыйзам долбоору кабыл алынды
Мыйзам долбоору көпчүлүктүн добушу менен кабыл алынды
Нидерландиянын Өкүлдөр палатасы, Кытайда жашаган уйгур элдеринин адам укуктарынын корголуусу үчүн өкмөттүн Кытай мамлекети менен дипломатиялык жолдор аркылуу сүйлөшүүсүнө карата даярдалган мыйзам долбоорун кабыл алды.
Денк партиясы Кытайда жашаган уйгур элдеринин диний жашоолоруна киргизилген чектөөлөргө карай ишке ашыруулардын, өкмөт тарабынан эл аралык карым-катнаштарда айтылышы жана дипломатиялык жолдор менен сүйлөшүлүүсү үчүн сунуштаган мыйзам долбоору көпчүлүктүн добушу менен кабыл алынды.
Өкүлдөр палатасында, Палестинанын Нидерландия мамлекети тарабынан расмий таанылышы жана террордук уюмдарга таандык символдорго тыюу салынышы үчүн өткөн жумада сунушталган мыйзам долбоорлору болсо кабыл алынган жок.
Тектеш кабарлар
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.