Германияда үйсүздөрдүн саны арбууда

Германияда үй – жайсыздардын саны акыркы үч жылда  150 пайызга артты.

848858
Германияда үйсүздөрдүн саны арбууда

 

Немис үйсүздөргө жардам берүү  биримдиги маалымдаган акыркы изилдөөгө караганда Германияда жашай турган үйсүздөрдүн саны өткөн жылга караганда 350 миңге артып 860 миңге жетти. Булардан 52 миңге жакын кишинин көчөдө жашап жаткандыгы билдирилди.

Үйсүздөргө жардам берүү  биримдигинин төрагасы Томас Шпехт үйсүздөрдүн санынын болсо 2014 -  жылдан бери 150 пайызга арткандыгына көңүлдөрдү бурду.

Бул санга расмий түрдө башпаанек үчүн кайрылган  кишилер да кошулган. 860 миңге жеткен сандын 2018 -  жылы 1 миллион 200 миңге жетери белгиленүүдө.

Шпехт үйсүздөр санындагы артуунун бир гана себебинин качкындар экендигин баса белгилеп, мындан он жылдан бери улантылып келе жаткан жаңылыш турак  - жай жана жаңылыштык менен күрөшүү саясаттарынын таасирдүү болгондугун айтты.

Үйсүздөргө жардам берүү биримдиги жарыялаган акыркы статистика үйсүздөрдүн демографиялык түзүлүшүнө байланыштуу маалыматтарды да камтууда. Изилдөөгө караганда үйсүздөрдүн үчтөн эки бөлүгү жалгыз жашап жатса, үчтөн бир бөлүгү болсо балдары менен жашоодо. Үйсүз балдардын саны болсо 32 миңге жетти.

 

 



Тектеш кабарлар