БУУ Йемендеги жугуштуу оору боюнча эскертти

Бириккен Улуттар Уюму,Йемендеги күйүүчү май запастарынын айдын акырына чейин түгөнө турганын жана холера илдетинин алдын алуу татаалдаша турганын билдирди.

846227
БУУ Йемендеги жугуштуу оору боюнча эскертти

Бириккен Улуттар Уюму, Йемендеги күйүүчү май запастарынын айдын акырына чейин түгөнө турганы темасында эскертти.

Бириккен Улуттар Уюмунун Калк боюнча  фонду (UNFPA) араб өлкөлөрү тарабынан социалдык бөлүшүү барагы Твиттер эсебинен берилген жарыяда, Йемендеги күйүүчү май жетишсиздигинин холера илдети менен күрөшүүнү максаттаган БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) тарабынан жүргүзүлгөн суу, канализация жана тазалык системаларында иштегендерге терс таасирин тийгизе турганы белгиленди.

Бул абалдын холеранын жайылуу коркунучу жогору болгон аймактарда жашаган орто эсеп менен 6 миллион адамга терс таасирин тийгизе турганы белгиленген жарыяда, «Йеменде учурда күйүүчү май запастары бул айдын акырына чейин жетет»,делди.

Жарыяда айрыкча аба жана деңиз порттору менен жээк сууралынын транспортко жабылышынын себебинен вакциналардын аймакка жеткириле албаган учурунда  йемендик бир жашка чыга элек кеминде 1 миллион бала шал оорусу жана кызамык сыяктуу ооруларга дуушар боло турганы билдирилди.

Йеменден Риядга 4-ноябрда баллистикалык ракеталардын учурулушунан кийин жекшемби күнү Сауд Арабия баштаган коалиция, Йемендеги бардык чек ара капкалары менен порттордун убактылуу түрдө жабылышына чечим чыгарган болчу.



Тектеш кабарлар