Каир жакындарынан байыркы спорт зал табылды

Египеттин эски чыгармалар министрлиги Каир жакындарынан 2300 жылдык бир спорт залын табышкандарын жарыялады.

841910
Каир жакындарынан байыркы спорт зал табылды

Египеттин эски чыгармалар министрлиги Каир жакындарынан 2300 жылдык бир спорт залын табышкандарын жарыялады.

Египеттин эски чыгармалар министрлигинен Эймен Ашмави берген маалыматында археологдордун борбор шаар Каирден 80 километр түштүк  - батышында еллендик доордон калган 2300 жылдык  байыркы спорт залдын калдыктарын табышканын билдирди.

Ашмави байыркы спорт залында 200 метрдик бир жарыш аянтын, айкелдердин, бир жыйын өткөрүүчү залдын жана бир короонун калдыктарынын табылгандыгын айтты. Байыркы спорт залын немис жана египеттик археологдордон турган жана Феййум аймагындагы Ватфада иштеген эл аралык бир группа  тапты.

Миссиянын башындагы немис илимпоз Корнелиа Роемер табылганын грек таасиринин бир гана Александрияда эле эмес, өлкөнүн элет аянттарында да бар экендигин белгиледи. Филотерис  байыркы айылы жайгашкан Ватфа Египет королу 2 -  Птоломей тарабынан биздин эрага чейинки 3 -  кылымда курулган.

 



Тектеш кабарлар